МАЛАККА (шаар): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАЛАККА, М е л а к а (малача Ме1ака, англ. Ма1асса) - Малайзиядагы шаар. Малакка штатынын (губернаторлугунун) администрациялык борбору. Малакка жарым аралынын түштүк-батышында, Малакка кысыгына Малакка д. куя бериштеги жээкте, Куала-Лумпурдан 150 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Деңиз порту. Калкы 201,4 миң (2010; шаар агломерация менен 400 миң). Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1400-жылы ченде негизделген. 15-кдан Малакка султандыгынын борбору болгон. Ө. ж. зонасында 2 нефть ажыратуучу завод, адистештирилген экономикалык аймагында жарым өткөргүчтөр, резина-техникалык буюм, табигый каучук иштетүүчү ишканасы, эмерек, текстиль, фармацевтика (негизинен витаминдер), парфюмерия-косметика, тамак-аш (пальма жана кокос майы, балык беленделет) ө. ж. иштейт. Султан Мансур шахтын ак сарайы (15-кылым), А-Фамоза чеби (17-кылым, португалиялык), мечиттер, ратуша, Британия ээлик кылып турган мезгилдеги курулуштар, кытай кварталында Чандын үй-бүлөсү жашаган үй (1896; учурда кытайлардын тарыхый мурасынын музейи), «португалиялыктардын кыштагы» (португалиялык колониячылардын тукумдары - кристанг жамаатынын кварталдары), парк жана мемориалдык кытай көрүстөнү (17-1-кылым), будда храмдары, диний архитектуранын эстеликтери [Перингит (1720-жылы чен), Теренгкера (1728), Кампунг-Хулу (1728-жылы чен), КампунгКелинг (1748) мечиттери, Чэн-Хунь-Тэн кытай
храмы (17-к-дын ортосу)] сакталган. Шаар Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген. Малайзия мамлекеттик технол. (2000), менчик «Мультимедиа» (1976) университеттеринин кампустары, бир нече музейлер (анын ичинде Королдук аскер-деңиз), китепканалар ж. б. бар. Зоопарк (1963) уюштурулган. Шаардын четинде Танжунг-Бидара деңиз климаттык курорту жайгашкан.