МАТЕМАТИКАЛЫК ЛОГИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАТЕМАТИКАЛЫК ЛОГИКА - ой жүгүртүү (корутунду) ыкмаларын изилдөөнүн математикалык ыкмаларын камтыган логика; ой жүгуртүүнүн дедукциялык ыкмаларынын математикалык теориясы. М. л. 20-к-дын башында математикалык негизги теориялардын тез өнүгүшүнүн, ошондой эле антиномдор, алгоритм түшүнүгү ж. б. илимдердин негизинде пайда болгон. Бул метод немис математиги Д. Гильбертке (1862-1943) таандык. 19-к-дын орто ченинде илимпоздор логиканы алгебр. система түрүндө карап, кадимки математикалык методдор менен аныктоого аракеттенишкен. Бул тармак боюнча англис илимпозу Ж. Буль (1815-64) көп иш жүргүзгөн. Азыркы алгебр. логика теориялык жана практикалык ийгиликтерге ээ болууда, к. Логика.
Ад.: Ершов Ю. Л„ Палютин Е. А. Математическая логика. 5-е изд. М., 2009; Менделъсон Э. Введение в математическую логику. 4-е изд. М., 2010.