МАСТРОЯННИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАСТРОЯННИ Марчелло (Марчелло Винченцо Доменико) [28. 9. 1924 (23), Лоцио обл., Фрози­ноне провинциясы, Фонтана-Лири - 19. 12. 1996, Париж] - итал. актёр. 1947-жылы Римдеги университет театрында актёр, 1940-50-жылы Л. Висконти­нин труппасында иштеген. Киного 1947-жыл­дан тартылган. Соңку жана «күлгүн» неореализм мезгилиндеги фильмдерге жана Висконтинин фильмдеринде (Кыялкеч, «Буурул түндөр»; Мер­со, «Бейтаныш») башкы ролдорду ойноп атагы чыккан. М. драмалык жана комедиялык да рол­дорду бирдей аткарган. С. Лорен менен актёрдук

дуэти дүйнөлүк кино өнөрүндө үл­гү катары таа­нылган («Кечөө, бүгүн, эртең», «Итальянча нике­лешүү», «Күн ка­рамалар» - В. Де Сики). Кинодо 150дөн ашык роль аткарып, улуттук мүнөздөрдүн гале­реясын түзгөн. 1970-80-жылдар­да Э. Скола («Ич

күйдүлүк азабы», Канндагы ЭКФ сыйлыгы; «Саат канча болду?», Венециядагы ЭКФ сыйлыгы ж. б.), М. Феррери («Ак аялга тийбе», «Пьеранын тар­жымалы» ж. б.), Болоньин («Жакшынакай Ан­тонио»), Л. Кавани («Тери» ж. б.), Н. С. Михал­ков («Кара көздөр», Канндагы ЭКФ сыйлыгы) ж. б. режиссёрлордун фильмдерине тартылган. Вене­циядагы ЭКФтин «Кинематогр. карьерасы үчүн» сыйлыгы арзыган (1990).

Ад.: Бьяджи Э. Красивая жизнь: М. Мастроянни рассказывает. М., 2007.