МАРШАЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАРШАЛ (немисче шагаЬ — ат, вса1с - малай) - 1) о. кылымда Францияда королдун ат багарынын наамы. 12-к-дан королдун жан сакчыларын, ат күзөтчүлөрүн жана атканаларын башкаРУУчу сарай ак сөөгү. 13-15-к-да король аскерлеринин бир бөлүгүнүн командачысы; 2) көп өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө жогорку аскердик наам. М. наамы Францияда 16-к-да пайда болгон. 19-к-да Испания, Түркия, Италия жана Японияда, 20-к-да айрым Европа өлкөлөрүнө М. наамы киргизилген. Пруссия (кийин Германияда), Австрия (кийин Австрия-Венгрияда) жана Россияда М. генерал-фельдмаршал, Улуу Британияда фельдмаршал наамына тең болгон. СССРде 1935-жылдан Советтер Союзунун Маршалы, 1943-жылдан Башкы М. жана авиация М-ы (артиллерия, бронетанкалык, инженердик жана байланыш аскерлеринин) наамдары болгон; 3) Польшада кээ бир жарандык кызматтагы адамдын наамы (Сейм М-ы, Сеймдин вице-М-ы).
Б. Кыштообаев.