МАРКАКӨЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАРКАКӨЛ, Маркакуль - Чыгыш Казак­стандагы көл. Түштүк Алтайда. Аянты 449 км2. Узундугу 38 км, тереңдиги 30 м. Тоо аралык өрөөндө, деңиз деңгээлинен 1449 м бийиктикте жайгашкан. Түштүк жээги жардуу, түндүгү ойдуңдуу. Калжыр д. ар­кылуу Зайсан көлү (Иртыштын алабы) менен ту­ташат. Көлдүн деңгээли 1 .мге чейин өзгөрөт. Суу­су тузсуз, аз минералдашкан. Ноябрда тоңуп, майда ачылат. Кар-мөңгүдөн куралган бир нече суу куят. Балыкка бай.