МАОРИЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАОРИЛЕР - полинезиялык эл, Жаңы Зелан­диянын жергиликтүү калкы. Саны 565,3 миң киши (2006). Маори жана англис тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - протестанттар (англикан­дар, пресвитериандар, баптисттер) жана католик­тер. М-дин ата-теги 13-к-да Чыгыш Полинезия-

Салттуу кийимчен маорилер салтанат­туу церемонияда.

дан Жаңы Зеландия а-на келип, жергиликтүү эл менен аралашып кеткен. 19-к-дын 1-жарымында М-дин жерин Улуу Британия басып алган. 19-к-дын аягынан М. англис-жаңы зеландия­лыктар менен ассимиляцияланып, алардын таа­сири менен европалык жашоо образын өздөштүргөн. Негизги кесиби - дыйканчылык, аңчылык, ба­лык кармоочулук. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Учур­да М-дин көпчүлүгү а. ч-да жана ө. ж-да иште­шет. Интеллигенциясы калыптанган.