МАҢГЫТТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАҢГЫТТАР - 1) түрктөргө тектеш уруулардын бири. Карача бийлер жетектеген М. бир кезде огуз уруулары (кыргыз, кыпчак, курама, жедигер, коңурат, казак ж. б.) менен бирге СырДарыянын боюн жердеп, ак маңгыт, кара маңгыт болуп бөлүнүшкөн. Жазма маалыматтарда алгачкы жолу Батыйдын Россияга жасаган чабуулуна байланыштуу моңголдордун бир уруусу (маңгут) катары эскерилет. 14-к-да М-га Едигей эмирлик кылган. Булардан тышкары «Мажму ат-Таварихте» да 92 боолуу өзбектин (иллатийа) бир уругу катары жана Мухаммед Хаким хандын «Мунтахаб ат-Таварих» аттуу эмгегинде орто азиялык М. жөнүндө маалыматтар кездешет. Азыркы учурда негизинен Фергана өрөөнүндө, Батыш Казакстанда, азыраак бөлүгү Ош облусунун Араван районунда турушат; 2) Бухара эмирлигин башкарган династия (1738-1920). Негиздөөчүсү Кудаяр бий (1738-43-жылы бийлеген), акыркысы Сейит Алим хан (1910-20) болгон.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.