МАННЕРГЕЙМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАННЕРГЕЙМ Карл Густав, Карл Густав
Э м и л ь (16. 6. 1867, Финляндия, азыркы Турку ш-на жакын, Вильняс кыш. - 28. 1. 1951 Швейцария, Лозанна, сөөгү Хельсинкидеги Хиятание көрүстөнүнө коюлган) - барон, финн мамлекеттик жана аскер ишмери, орус саякатчысы, маршал (1942). 1889-жылы Санкт-Петербургдагы Николаевск кавалериялык окуу жайын бүтүргөн. 1917-жылы чейин орус армиясында кызмат өтөгөн. 1-дүйнөлүк согушта (1914-18) бирикменин командачысы; генерал-лейтенант (1917); 1918-жылы финн актар армиясынын командачысы болуп, германиялык интервенттер менен бирге Финляндия революциясын (1918) баскан. 1918-жылдын декабрь айынан 1919-жылдын июль айына чейин
Финляндия регенти. 1922-51-жылы Финляндия Кызыл Крестинин төрагасы. 1931-39-жылы Мамлекеттик коргонуу кенешинин төрагасы, 1939-жылдан финн армиясынын башкы командачысы. 1939-40-жылы советтик-финн согушунда жана 1941-44-жылы фашисттик Германиянын союздашы катары финн армиясын жетектеген. 1944-жылы советтик өкмөт койгон шарттар боюнча М. агрессивдик Берлин пактысынан (1940) жана согуштан чыгууга мажбур болгон. 1944-46-жылы Финляндия президенти болгон. М. 1906-жылы июнь-июль айларында Алай өрөөнүнө келип, Курманжан датка жана анын уулу Асанбек менен жолугуп, алай кыргыздары жөнүндө маалымат топтоп кеткен. 4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган. 1960-жылы Хельсинкиде М-дин эстелиги тургузулган.
Ад.: Власов Л. В. Маннергейм. М., 2005.
А. Матанова.
