«МАНАС» ОПЕРАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
«МАНАС» ОПЕРАСЫ - баатырдык патриоттук опера. Музыкасы А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференики. Либреттосун «Манастын» сюжети боюнча А. Токомбаев менен К. Маликов жазган. Сюжеттин негизин «Манас» эпосундагы «Кө-
көтөйдүн ашы» түзөт. Алгач ирет 1946-жылы (2- редакциясы 1966-жылы) Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. 1966-жылы коюлганында баш ролдордо Кыргыз ССР эл арт. К. Чодронов (Манас), СССР эл арт. С. Кийизбаева (Каныкей), Кыргыз ССР эл арт. С. Токтоналиев (Сыргак), X. Мухтаров (Коңурбай) ойногон. Режиссёрлору - СССР эл арт., Р. В. Захаров менен Кыргыз ССР эл арт. А. Куттубаев, хормейстери - С. Юсупов, художниги - Я. Штоффер. Чыгармада элдик ыр-күүлөр кеңири пайдаланылган. Анда хор да негизги орун ээлейт. Опера классикалык опералардын үлгүсүндө (увертюрасы, ариялар, хорлор, дуэттер, бийлер, татаал симфониялык өсүштөр) жазылган. «Манас» операсынын авторлору 1970-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы татыктуу болгон. Опера Москва, Ленинград шаарында коюлган.
