МАМЫРОВ Тобокел: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАМЫРОВ Тобокел (24. 3. 1932, азыркы Чүй обл., Чүй району, Кегети айылы - 30. 2. 2006, Биш­кек) - спортчу (бийиктикке секирүү). 1952-жылы КМУнун дене тарбия факультетин аяктаган. КМУда окуп жүргөн жылдары узундукка секирүү боюнча респ-нын чемпиону болсо, 1958-жылы Алматыда өткөн эл аралык мелдеште 2 м. 2 см бийиктикке секирип, Орто Азия жана Казакстан боюнча рекорд кой­гон. СССР профсоюздар уюмунун спартакиада­сында күмүш медалга татыктуу болгон. Кы­тайда өткөн мелдеште 2 м

бийиктикке секирип, Азиянын рекордун койгон. СССРдин курама командасынын мүчөсү (1957-60) болгон. 1951- 66-жылы волейбол боюнча Кыргызстандын курама коман­дасында ойногон. М. кыргыздардан чыккан 1- спорт чебери, СССР спортунун чебери (1957), от­личниги. Медалдар менен сыйланган. Кегети айы­лында анын байгесинде, волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп турат.