МАМЫРБАЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАМЫРБАЕВА Турсун Турганбаевна (21. 4. 1957, Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Кайырма­Арык айылы) - медицина илимдеринин доктору (2002), профессор (2002). КМИИни бүтүргөн (1980). Тоң районунда (1982) жана Прежевальск (азыркы Каракол) шаарында (1983) участкалык балдар вра­чы болуп иштеген. 1983-85-жылы Москвадагы СССР МИАнын Педиатрия ИИИде клиникалык орди­натурада, 1985-88-жылы аспирантурада, докторан­турада 1989-2002-жылы окуган. Кыргызстан Акушерлик жана педиатрия ИИИде улук илимий кызматкер (1989- 92), КММИде окутуучу (1992-97), Респ. врач­тарды кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу КММИде доцент (1998-99), 2002-жылдан Улут­тук педиатрия жана балдар хирургиясы борбо­рунда профессор Балдар оорусу боюнча адис. 80дей илимий эмгеги, анын ичинде 6 монография, 10 методикалык көрсөтмөлөрү бар.

Эмг.: Нарушение питания у детей (в соавторстве) Б., 2002; Мониторинг положения детей и женщин в Кыргызской Республике (в соавторстве). Б. 2006; Питение детей раннего возраста (в соавторстве). Б. 2008.