МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска

МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИК - мүлк (өндүрүш ка­ражаттары жана продукциялары) толугу менен же үлүштүк процентинин көпчүлүгү мамлекетке таандык болгон менчик формасы; мүлккө өл­көнүн атынан мамлекеттик органдар ээлик кылат. Мамлекетке жер, табигый жана материалдык ресурстар, негизги каражаттар, ишкана-мекеме­лер, маданий жана ички баалуулуктар, страте­гиялык объектилер ж. б. таандык. Мындан тышкары М. м-ке администрациялык-аймактык (облус, шаар ж. б.) бөлүнүштөргө тиешелүү менчиктер, ири ишка­налардын жана АКтын ар кандай формадагы акциялары («Кыргызтелеком» ачык акционер­дик коому, Кыргызтамекиси ж. б.), айрым мүлк­төр ж. б. кирет, к. Менчик.