МАМБЕТСЕИТОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАМБЕТСЕИТОВА Зинаида (16. 1. 1916, азыр­кы Ысык-Көл обл., Түп району, Сары-Булак айы­лы - 12. 11. 1988, ошол эле жер) - кыргыз аял­дарынан чыккан алгачкы журналист, педагог, коомдук ишмер. М. Пржевальск педагогикалык окуу жа­йын бүтүргөн (1937). Кең-Суу айылында баштал­гыч мектепте мугалим (1932-35), Сары-Булак айылында толук эмес орто мектепте бөлүм баш­чы (1935-38), директор (1942), р-ндук «Колхоз Жолу» гезитинин редактору (1941-43), Ысык­Көл облаткомунда жооптуу секретарь (1943-45), Кыргызстан КП ЗКнын алдындагы партиялык мектептин угуучусу (1946-48, 1950-53), «Кызыл Кыргыз­стан» гезитинде бөлүм башчы (1948-49), Ош обл­аткомунда бөлүм башчы (1953-56), төраганын орун басары (1957-59), Ош обкомунда бөлүм башчы (1959-60), ошол эле жерде мектептер боюнча инструктор (1960), Билим берүү министрли­гинде бөлүм башчы (1960-64), Респ. жалпы би­лим берүү мектебинин сырттан окуу бөлүмүнүн директору (1964-67), КР Мамлекеттик архивинин кыз­маткери болуп эмгектенген (1969-82). Ошондой эле «Өмүр барактары», «Өчпөсиз», «Элдин сыймык­туу кыздары», «Айыл саптары», «Сыр чечкен­де» ж. б. көркөм чыгармаларды жазган. Айыл­дык мектепке ысмы берилген.