МАЛЬТАЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
Ад.: Мальта//Страны мира. Краткий политикоэкономический справочник. М., 1975; Мальта// Большая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011. МАЛЬТАЛЫКТАР - эл, Мальтанын негизги калкы. Саны 400 миң киши (2009). АКШ (30,5 миң), Австралия (93,3 миң), Улуу Британия (30,2 миң), Канада (37,1 миң) жана Африканын кээ бир өлкөлөрүндө да жашашат. Мальта, англис жана италян тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - католиктер. М-дын түпкү теги байыркы финикиялыктар (биздин заманга чейинки 13-кылым). Көп кылымдар бою М. гректер, карфагендик-
тер, римдиктер, готтор, византиялыктар, арабдар, норманндар, испандар, француздар жана англистердин бийлигинде турган. Баскынчылар М-дын тиричилигине, маданиятына таасир тийгизгенетикалык М. негизинен дыйканчылык, огородчулук, малчылык, балык уулоочулук менен кесиптенишкен. Аялдар кара түстүү жамынгыч оронушат. Патриархаттык салт күчтүү.
