МАЛЛИЦКИЙ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
МАЛЛЙЦКИЙ МӨҢГҮСҮ - Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталындагы мөңгү. Чоң ҮзөңгүКууш суусунун башында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5010 м, этеги 3670 м. Кар чегинин бийикт. 4600 м. Мөңгү бийик аскалуу кашатта аяктайт; Ай-Талаа өрөөнүнүн таманына ортоңку морена жалчасы менен текши капталган бөлүгү гана жетет. Мөңгүдөн башталган суу 80 м бийиктиктеги аскалуу кашаттан агып түшүп, шаркыратманы пайда кылат. Андан соң Ай-Талаа суусу Үзөңгү-Куушка куят. Мөңгү советтик окумуштуугеолог, профессор Н. Г. Маллицкийдин ысмынан аталган.