МАЛИЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
МАЛЙ, Мали РеспубликасыБатыш Африкадагы мамлекет. Батышынан Сенегал, түндүгүнөн Мавритания жана Алжир, чыгышынан Нигерия, түштүк-чыгышынан Буркина Фасо, түштүгүнөн Кот д’Ивуар жана Гвинея менен чектешет. Аянты 1240 миң км2. Калкы 14,0 миллион (2010; калкынын саны боюнча дүйнөдө 66-орунда).

Борбору - Бамако. Администрациялык-аймактык жактан 8 облуска жана округга бөлунөт. Акча бирдиги - КФА франкы.
М. - БУУнун (1960), Африка союзунун (1963-жылы чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФтин (1963), Эл аралык реконструкциялоо жана
|
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009) |
|||
|
Облустары |
Аянты, миң км2 |
Калкы, миң |
Администрациялык борборлору |
|
Гао |
170,6 |
451,2 |
Гао |
|
Каес |
197,8 |
2314,7 |
Каес |
|
Кидаль |
151,4 |
41,7 |
Кидаль |
|
Куликоро |
89,8 |
2249,6 |
Куликоро |
|
Мопти |
88,7 |
1765,3 |
Мопти |
|
Сегу |
56,1 |
2310,8 |
Сегу |
|
Сикасо |
76,5 |
2161,8 |
Сикасо |
|
Томбукту |
409,0 |
529,6 |
Томбукту |
|
Бамако округу |
0,3 |
1211,8 |
Бамако |
өнүктүрүү банкынын (1963), Эл аралык соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1992-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы - бир палаталуу парламент. Аткаруучу бийликтин жогорку органы - премьер-министр башында турган өкмөт. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Демокр. жана прогресс үчүн Альянс, Демократия жана республика үчүн фронт.
Т а б и я т ы. М. Түндүк жарым шардын тропик алкагында жатат. Жеринин бёти негизинен түздүктүү келип (орт. бийиктиги 200-300 ж), түштүк- батышында Фута-Жалон тоо тармактары (795 ж), түндүк-чыгышында Адрар-Ифорас (бийикт. 1102 м) платосу жайгашкан. Эң бийик жери 1155 м. Түндүгүндө таштуу, кум-шагыл-
дуу чөлдөр - Батыш жана Борбордук Сахара (Эрг-эльАхмар, Хамада-Сафия, Эль-Махия ж. б.) таралган. Түштүгү куэст түздүктөрү менен чулганган. Климаты субэкватордук (түштүгүндө) жана тропиктик. Январдын орт. температурасы 19-21°С, июлдуку 32-35°С. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 50-150 мм, түштүгүндө 1500 мм. Кышкысын Сахара тараптан кургак ысык харматан шамалы согуп турат. Ири дарыялары: Нигер, Сенегал (кеме жүрөт). Чыгышында, түндүк-чыгыш тарабында вади (Тилемси, Азавак ж. б.) көп кездешет. Ички сууларга жарды. Ири суу сактагычтар курулган. Топурагы кызыл-күрөң. Чөл жана жарым чөл өсумдүктөрү, түштүк-батышында саванна өсөт. Нигердин дельтасында суу-саз өсүмдүктөрү басымдуу. Канаттуулардын 190дон
ашык түрү мекендейт. Суусунда балыктын ЮОдөн ашык түрү жана крокодил кездешет. Анчылыктын кесепетинен жаныбарлар дүйнөсү жакырданып кеткен (гиппопотам, суу эчкиси толугу менен жок болгон). Сүт эмүүчүлөрдүн 135 ТҮРҮ (анын 13ү жок болуу алдында) катталган. Коргоого алынган табигый аймактары, анын ичинде Букль-дю-Бауле улуттук паркы жана 3 суу-саздуу жерлер өлкөнүн аймагынын 3,7%ин ээлейт. Бандиагара тайпак тоосу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине (1989) киргизилген.
К а л к ы.
М-де манде тилдеринде сүйлөгөн манден, сонинке, бозо, малинке, гур, фульбе, тукулёр, волоф ж. б. элдер жашайт. Калкынын 90%и ислам (сүннөттөр), 5%и христиан, калгандары салттуу жергиликтүү динди тутат. Мамлекеттик тили - француз тили. Орт. жыштыгы 1 км2ге 11,1 киши (2010; Африкадагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 50,6 жаш, аялдарыныкы - 53,8. Төрөлүүнүн деңгээли өтө жогору (ЮООге 42,3), өлүм-житим ЮООге 15,4 (жаш балдардын
өлүмү өтө жогору, ЮООге 113). Шаар калкы 32% (2008). Ири шаарлары: Бамако, Сикасо, Каес, Сегу, Мопти.
Т а р ы х ы.
Мененин азыркы аймагына адамдар палеолит доорунан эле мекендеген. Малилердин ата-бабалары аңчылык, балыкчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыкта алгачкы кыштактар пайда болгон; Биздин замандын 3-к-нан М. аймагы Батыш Африкадагы Гана, 13-к-дан Мали, 15-к-дан Сонгай империяларынын курамына кирген. 14- к-дын аягында Масина, 17-к-дын 2-жарымында Сегу жана Каарта мамлекеттери түзүлгөн. 19- к-дын ортосунда Хаж Омар башында турган тукулёрлор бул мамлекеттерди басып алган. 19- к-дын аягында француздар тукулёрлор армиясын талкалап, Батыш Судандын ички райондорун караткан. 1891-жылы Франция басып алган райондорунда Франция Суданы колониясын негиздеген. 1895-жылы Франция Суданы Франция Батыш Африкасынын (ФБА) курамына кошулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин Франция Суданында Африканын демокр. биригүү секциясы - Судан союзу партиясы түзүлгөн жана ал өлкөдөгү улуттук-боштондук кыймылды башкарып, жетекчи саясий күчкө айланган. 1957-жылы Франция Суданы автономияга, 1958-жылы Франция ынтымагындагы Судан автономия респ. статусун алган. 1959-жылы Судан автономия респ. жана Сенегал М. Федерациясына биригип, 1960-жылы көз каранды эмес деп жарыяланган. М. Респ-касы деген ат менен өз алдынча жана көз карандысыз мамлекет катары Франция ынтымагынан чыккан жана өлкөнүн конституциясын кабыл алган. М. Респ-касы 1960-жылы 28-сентябрда БУУга мүчө болуп, тышкы мамилесинде «позитивдүү бейтараптык» саясатын жүргүзө баштаган. Өлкөнүн көз карандысыздыгын ар тараптан чындоо боюнча реформалардын кеңири программасын белгилеп, аны жүзөгө ашыруу үчүн М. Кейта баш болгон саясий жана мамлекеттик ишмерлер Революцияны коргоонун улуттук комитетин түзүп, бүт бийликти колуна алып, өлкөнүн экономикалык абалын оңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү' боюнча бир катар чаралар көргөн. Бирок 1968-жылы 19-ноябрда М-де аскер төңкөрүшү болуп, Улуттук-боштондук аскер комитети (УБАК) түзүлүп, бийликке келген УБАКтын жетекчилери өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги принциптери өзгөрбөстүгүн, кийин башкаруунун конституциялык формасына өтөрүн жарыялаган. 1976-жылы сентябрда М. элинин демокр. союз (МЭДС) партиясы түзүлгөн. МЭДС тынчтыкта жанаша жашоо жана кызматташуу, согуш блокторуна кошулбоо, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн элдерди колдоо, эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн күрөшүү саясатын жүргүзүүгө аракеттенген. 1980-90-жылдарда Мененин ички саясий абалы курчуган. 1990-жылы өлкөнүн түндүгүндө саясий турмушунан четте калган көчмөндөрдүн талаптары орундалып, саясий укуктарга ээ болгон. 1991-жылы өлкөнүн президенти М. Траоре камакка алынып, 1992-жылы президенттикке А. У. Конаре шайланган. 1990-жылы Мененин а. ч. жогорулап, пахта өндүрүү боюнча Африкада 2-орунга чыккан. 2002-жылы президенттик шайлоодо А. Т. Туре бийликке келген, 2007-жылы кайра шайланган. Анын саясий багыты - заманбап агроөнөр жай өндүрүшүн түзүү, коррупцияга каршы күрөшүү, мектеп жана ооруканаларды кеңейтүү ж. б.
Чарбасы.
М. — агрардык өлкө. Дүйнөдөгү аз өнүккөн мамлекеттердин бири. Чет өлкөлүк финансынын жардамы менен өнүгүпкелүүдө. ИДПнин көлөмү 17,0 миллиард доллар (АКШ, 2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,2 миң доллардан туура келет. Андагы а. ч-нын үлүшү 46,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 33,8, ө. ж. менен курулуштуку 20,1. Алтын (Африкада 3-, дүйнөдө 12-орунда),
алмаз, фосфорит казылып алынат. 2007-жылы 515 миллион кВт-с электр энергиясы, анын '/^и ГЭСте өндүрүлгөн. Ө. ж-нын негизин а. ч. азыктарын кайрадан иштетүү түзөт. Тамак-аш (пахтадан жана жер жаңгактан май сыгылат, кант ж. б.), текстиль, химиялык, электр-техникалык, металл иштетүү, цемент ө. ж. иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Негизги экспорттоочу а. ч. өсүмдүгү - пахта. Негизги азыгы - таруу, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү. Батат, картөшкө, маниок, жашылча, бакча өсүмдүктөрү, май берүүчү жаңгак жыгачы (карите) өстүрүлөт. М. Батыш Африкада малдын саны жана калктын этти керектөөсү боюнча 1-орунда турат. Кой, эчки, бодо мал, төө жана эшек асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу 18,7 миң км (анын ичинде 3,4 миңи асфальтталган; 2004), т. ж-нуку 593 км (2008). М. аркылуу Транссахара, Транссахел магистралдары өтөт. Нигер дарыясында кеме жүрөт. Башкы порту - Куликоро. Бамако жана Гао шаарында эл аралык аэропорттор бар. Сыртка алтын, пахта, жер жангак, тирүү мал чыгарат. Негизги соода шериктери: Кытай, Европа союзунун мүчөлөрү, Сенегал, Кот-д’Ивуар, Таиланд.


Мали акчасы - КФА франкы.
Маданияты.
Билим берүү тармагы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү акысыз 9 жылдык, 3 жылдык толук орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 76,2% (2008). Мали университети (1993), Башкы илимий мекемелер, ири китепкана, музейлер Бамако шаарында жайгашкан. Француз тилинде «Эоугпа! оШсхе! с!е 1а КёриЪНцие с!и Ма11», «Б’Еззог», «ЬезЕсЪоз», «Ье КёриЪИсаш», «Ь’Аигоге» гезиттери, ал эми бамбара тилинде «К1Ъаги» гезити чыгат. Радиоуктуруусу 1957-жылдан, телекөрсөтүүсү 1983- жылдан жана Улуттук маалымат агенттиги 1977-жылдан иштейт.
11-19-к-да М. адабияты араб, француз тилинде өнүккөн. «Кандуу бет кеп», 1976, романы, «Чакинин өлүмү», 1962, драмасы); И. Б. Траор («Өткөн элес», 1964, романы) ж. б. жазуучулардын чыгармаларында европалык цивилизация таасирдүү чагылдырган.
М-де байыркы эстеликтер неолит дооруна таандык: Бандиагардагы аска беттерине чегилген чийме-сүрөттөр. Шаарларда коомдук имараттар, мечиттер, жергиликтүү «Судан стилиндеги» турак-жайлар жайгашкан. 1950-жылдардан азыркы типтеги үйлөр салына баштаган. Ага социалисттик өлкөлөр (СССР, Болгария ж. б.) көмөк көрсөтүшкөн. 1960-жылы көз каранды эместик жарыялангандан
кийин профессионалдык сүрөт искусствосу, салттык скульптура өнүккөн, жыгач кооздоо, жез куюу, жылан, крокодил терилеринен буюм жасоо (сумка, кур ж. б.), кездеме токуу, бет кептерди жасоо кеңири тараган. М-де театр 50-жылдардан
баштап өнүгө баштаган. 1960-жылдан кийин театр мамлекеттин карамагына өткөн.
Ад.: Витухина Г. О., Онучко В. Г. Республика Мали: справочник. М., 2005; Кулик. Е. Г. Многоликий мир африканского кино. М., 1993.



