МАЛДЫБАЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна (6. 7. 1946-жылы туулган, Фрунзе) - кыргыз кыздарынан чык­кан туңгуч профессионал композитор, профессор (2002), КР маданиятына эмг. сиң. ишмер (1995), Респ-нын элге билим берүүсүнүн отличниги (1992), СССР Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү (1973), Композитор А. Малдыбаевдин кызы. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти (1962) жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореогр. окуу жа­йын (1966) бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жыл­дан соң Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан 2010-жылы чейин Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык ин­тунда (азыркы И. Арабаев атындагы КМУ) иштеген. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончу, компо­зиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыг­лыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арнал­ган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» (1975) балеттик сюитасын-

да таасын көрүнөт. «Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» ж. б. лирикалык, патриоттук ыр­лары, камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү со­натасы, токкатасы, он миниатюрасы жана вио­лончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармала­ры белгилүү. «Күнөстүү арал» көркөм фильми­не, «Июлдаүч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оймолуу жомок» да­ректүү жана балдар фильмдерине да музыка жаз­ган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартуулан­ган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жый­нактары, камералык оркестр үчүн сюитасы ж. б. чыгармалары бар. Даңк медалы менен сыйланган.