МАЛДЫБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
МАЛДЫБАЕВ Абдылас [24.6 (7. 7). 1906, азыркы Чүй обл., Кемин району, Кара-Булак кыш. - 31. 5. 1978, Фрунзе] - туңгуч композитор, ырчы (тенор) жана артист, кыргыз профессионал музыкасына негиз

салгандардын бири, Кыргыз ССРинин искусствого эмг. сиң. ишмери (1937), СССР эл арт. (1939). Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1970) лауреаты. 1922-24-жылы Алма-Ата казак-кыргыз агартуу институтунда, 1924-29-жылы Кыргыз педагогикалык техникумунда, Москва консерваториясында Кыргыз улуттук студиясынан (композиция классы боюнча 1940- 41-жылы Г. Литинскийден, 1947- 50-жылы В. Фереден) окуган. 1930-жылы ачылган Фрунзе музыкалык техникумунда директор, 1933-жылдан Кыргызстан
музыкалык студиясында (кийин музыкалык драма театры, 1942-жылдан Кыргыз опера жана балет театры) артист, 1939-67-жылы Кыргызстан композиторлор союзунун председатели, 1953-54-жылы М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайынын директору болгон. М-дин чыгармачылык иши 1922-жылдан башталган. Алгачкы ырлары «Акинай», «Кызыл жоолукчан», «Өмүр», «Забойщиктер» ж. б. ырлары эл арасына кеңири тарап, обончу катары таанылган. 1936-жылы композитор В. Власов, В. Ференин кыргыз жергесине келиши М-дин чыглыгынын өсүшүнө көмөк болгон. М. ЗООдөй чыгарма жараткан (анын 200дөйү ыр). Композитор элдик фольклорду кылдат пайдалана билгендиктен, ырлары элдик обонго жакын, угулушу көркөм, интонациялык жактан күчтүү. М-дин айрыкча гимн («Кыргызстан», «Кел катарга», «Ала-Тоо»), марш түрүндөгү («Кызыл атчандар», «Студенттер маршы») жана балдар ырлары («Мына минтип», «Кулунум» ж. б.) кыргыз ыр жанрына жаңылык катары кирүү менен элди, эмгекти, мекенди сүйүүгө үндөгөн. 1930- 40-жылдары М. көптөгөн элдик ырларды иштепчыккан. «Кимге айтам», «Гүлтурмуш», «Ук, жер жүзү», «Билгиң келсе», «Кечирип кой», «Сынга сыпат толгондо», «Жат болоруң бат беле», балдар үчүн «Биз агайдай болобуз», «Жыл-
дызым» ж. б. ырларды; «Эмгек маршы», «Партбилет» ж. б. хорлорду; комп-лор В. А. Власов, В. Г. Фере менен бирге «Ажал ордуна» музыкалык драмасын; «Айчүрөк», «Патриоттор», «Манас», «Көл боюнда», А. Веприк, М. Абдраев менен бирге «Токтогул» операларын жана Кыргыз ССР гимнине музыка жазган. М. - «Таалай издегендер» (В. Власов, В. Фере менен бирге), аттуу кантата «Кылымдык дос» (В. Власов, В. Фере менен бирге), «Улуу 40жыл», «Кыргыз уулу» (М. Абдраев менен бирге) аттуу вокалдык-симфониялык чыгармалардын автору. Ал драма жана опера спектаклдеринде бир катар элестүү образдарды жараткан. Мисалы, «Алтын кыз» музыкалык драмасынан Кузнецовдун, «Ажал ордунда» Бектурдун, «Айдар менен Айшадан» Телтайдын, «Аршин мал алан» музыкалык комедиясынан Аскердин, «Евгений Онегин» операсынан Ленскийдин, «Кыз Жибектен» Төлөгөндүн, «Токтогулдан» Керимбайдын ролун аткарып, ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын чоң чеберчилик менен көрүүчүлөргө тартуулаган. СССР Жогорку Советине (1-шайланышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советине (2-4-шайланышынын) депутат. М-дин ысмы Кыргыз опера жана балет театрына, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө коюлган. Кыргыз мамлекеттик искусство институтундаМ. атындагы стипендия белгиленген. Ленин, Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Аманбаев А., Давлесов Н. Абдылас Малдыбаев. Краткий очерк жизни и творчества. Ф., 1957; Виноградов В. А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере. М., 1958; Алагушев Б. Композитор Малдыбаев. Ф., 1970; Сенченко А. Песенное творчество А. Малдыбаева. Ф., 1977.

