МАЛГУНДАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
МАЛГУНДАР (Сис1оро1с1а) — калак бут рактардын түркүмү. Узундугу 1-8 мм. Денеси баш, көкүрөк, курсак бөлүктөн турат. Денесинин алдынкы бөлүгүндө оозу, жалгыз көзү, жуп муруту, мурутчалары жайгашкан. Мурут жана мурутчалары сезгич түтүктөр менен жабдылган. Алар жыт сезүү жана кыймылдоо -кызматын аткарат. Бүт денеси аркылуу дем алат. Ургаачысынын курсагынын астында 2 энелик капчыгы болуп, ага жумурткасын тууйт. 250 түрү көбүнчө тузсуз суу түбүндө, суу түбүндөгү өсүмдүк арасында жашайт; бир азы - планктондор. Көбү - жырткычтар, майда омурткасыздар жана өсүмдүктөр менен азыктанат. Кээ бир деңиз М-ы жарык чыгарат. Айрымдары балык жана омурткасыздарга мителик кылат. Кээ бири - мите курттардын аралык ээси. Балыктарга жем.