МАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАСЫ (1937-91-жылы Л е н и н-Ж о л ) - ЖалалАбад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Ноокен р-нунун жана Масы айыл аймагынын борбору. Эски-Масы суусунун боюнда, Ош - Бишкек автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору жана т. ж. бекети Жалал-Абад ш-нан 45 км аралыкта. Тентек-Сай т. ж. бекетинин (Өзбекстан) 20 км. Калкы 15,1 миң (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Кыштакта Ноокен р-нунун дээрлик бүт мекеме-ишканалары орун алган. Андан сырткары нан заводу, ашканачайканалар, ресторандар, сауна-мончо, 13 тегирмен, 4 май жуаз, 2 ак жуаз, фирма жана базар иштейт. Төрт орто жана музыкалык мектеп, китепканалар, 6 бала бакча, балдардын билим берүү борбору, музей, маданият үйү,.кинотеатр, 3 клуб, борборлоштурулган райондук оорукана, санитарияэпидемиол. станция, борборлоштурулган дарыкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 2 эстелик тургузулган.