МАРКАЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска

МАРКАЗ (арабча борбор; мурдагы Айрибаз)- Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Марказ айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 20 км чыгыш тарапта, Кува­сай т. ж. бекетинен 10 км. Кыштак 1922-жылы не­гизделген. Калкы 5310 (2009); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, ФАП, клуб, китепкана бар. Тамактануу жана соода жайла­ры, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.