МАНДЕЛЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАНДЕЛЛ Роберт Александр (24. 10. 1932-жылы туулган, Канада, Кингстон) - америкалык экономист, профессор (1971), Нобель сыйлыгы лауреаты (1999), Американын маданият жана илим академиясынын мүчөсү (1998). 1953-жылы Британдык Колумбия университетин бүткөн. 1956-жылы Вашингтон университетинде, Массачусетс технол. институтунда окуп, философия боюнча доктордук даражасын коргогон. 1961-жылы эл аралык валюта фондунда, 1966-71-жылы Чикаго университетинде иштеген. 1997-98-жылы Болондогу Джон Хопинс эл аралык изилдөө борборунда профессор М. валюта зоналарынын салык саясатынын проценттик ставкасын азайтуу теориясын 1960-жылдары эле ачкан, 1970-80-жылы анын өлкөдө экономиканы өнүктүрүү үчүн салыктарды кыскартуу боюнча оюн Р. Рейган жана анын өз коллегалары тарабынан колдоого алынган. М. көптөгөн эл аралык сыйлыктардын, ЮОдөн ашык илимий эмгектин жана 8 монографиянын автору.