МАНДАРИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска

МАНДАРИН (Манбаппе) - руталар тукумунун цитрус уруусундагы дайыма жашыл субтропик­тик өсүмдүк;—М-дин 1 (башка маалымат боюнча 13) түрү бар. Көп эгилген түрлөрү: уншиу, пон­кан, танжерин, италян, кинг, кино-куни. Жа­пайы түрү белгисиз. Негизинен Японияда, Кы­тайда, Түштүк Европа жана Түштүк Америкада, КМШ өлкөлөрүнөн негизинен Грузияда, Азербайжанда өстүрүлөт. Көбүнчө уншиу М-и (С. ипзИш) көп тараган. Бийиктиги 3 м (20-25 жылдык дарагы­ныкы), шактуу, тикенсиз. Жалбырагы чоң, калың, сүйрү. Гүлү чоң, кош жыныстуу. Мөмөсү (салмагы 60—80 г) көбүнчө уруксуз, кабыгы сар­гыч кызыл, оңой аарчылат. Сулпу кызгылт сары, ширелүү, 8-10 бөлүктөн турат. Маңызын­да 2,87-10,5% кант, 0,95-1% мг кислота (негизи­нен лимон кислотасы), 23-55% мг С витамини ж. б. бар. Мөмөсү желет жана андан кыям, ком­пот даярдалат. Кабыгында пектин заттары, эфир майы менен гликозиддер арбын болуп, тамак-аш жана парфюмерия ө. ж-нда, эфир майын алууда пайдаланылат. М-дин бардык түрүнөн уншиум М-и суукка байымдуу (жалбырагын -6,5°С темп­рада үшүк урат). Акиташтуу, чириндилүү топу­ракта жакшы өсөт. Бир га жердеги 10-12 жыл­дык дарактарынан 50 тга чейин түшүм алынат.