«МАНАС» ЭПОСУНУН МИҢ ЖЫЛДЫК САЛТАНАТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска

«МАНАС» ЭПОСУНУН МИҢ ЖЫЛДЫК САЛТАНАТЫ - «Манас» эпосун дүйнө жүзүнө

таа­нытуу боюнча мамлекеттик программанын (1992-2000) атайын бөлүгү. Салтанат 1995-жылы 26-30-август­та Бишкек шаарында жана Талас өрөөнүндө өткөрүл­гөн. «М.» э. м. ж. с-н белгилөө жана ага даярдык көрүүүчүн 1992-жылы 26-июнда КР Президентинин сегиз пункттан турган Жарлыгы жарыяланган. 1994-жылы 5-октябрда БУУнун Генералдык Ассам­блеясынын 49-сессиясында «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча төрт пункт кабыл алынган. Ошондой эле ЮНЕСКОнун чечими менен 1995-жыл - «Манас» эпосунун 1000 жыл­дыгын майрамдоо жылы деп белгиленген. Сал­танатка расмий түрдө президенттер И. Каримов (Өзбекстан), С. Ниязов (Түркмөнстан), Н. Назар­баев (Казакстан), Г. Алиев (Азербайжан), С. Де­мирель (Түркия), орус өкмөтүнүн вице-премьер министри Ю. Яров ж. б. катышкан. 28-август­та Кыргыз улуттук филармониясында КРдин премьер-министри А. Жумагулов төрагалык кылган салтанаттуу жыйын өткөн. 29-августта Талас өрөөнүндө «Манас-Ордо» тарыхый-мада­ний комплекси ачылган жана театралдашкан оюн­зоок (сценарийи Б. Жакиевдики, режиссёру Б. Шамшиев) коюлган. Анда КР Президенти А. Акаев, ЮНЕСКОнун Генералдык директору Ф. Майор, Түркия президенти С. Демирель ж. б. сөз сүйлөп, анда «Манас» эпосу кыргыздын кары тарыхы, катаал тагдыры менен кошо поэзиянын кайталангыс тили, көөнө дастаны, кыргыз эли­нин гана эмес, бүт дүйнөлүк адабияттын туу чоку­су, көөнөрбөс мурасы, дастандардын эң залка­ры экени баса белгиленген. «М.» э. м. ж. с-на арналып, түрктөр менен бирге «...Ошондо мен “Ма­нас!” деп ураан чакырдым» аттуу толук метраж­дуу документ фильм жана кыргыз, түрк, англис тилинде «Манас» иллюстрациялык альбому чы­гарылган (түзгөн Т. Океев).