«МАНАСТЫН» МУЗЫКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
«МАНАСТЫН» МУЗЫКАСЫ. «Манас» баатырдык-музыкалык эпос болгондуктан, поэтикалык тексти, андагы ой-сезим толкундары музыка, обоныргактар менен коштолуп, толукталып, көркөмдүүлүгү, таасирдүүлүгү күчөтүлүп турат. Эпостун мазмуну угуучуларга тез жетишине, көпчүлүктүн эсинде бекем сакталып калышына, окуя-образдардын, ыр тизмектеринин өзүнөн өзү аткаруучунун «оозуна келип» турушуна эпостогу музыкалык башат зор таяныч болуп берет. Эпоско таандык бул өнөрдүн көркөмдүк таасири манасчынын аткаруучулук жөндөмүнө, музыкалык талантына, анын добушунун ыргактуулугуна түздөн-түз байланыштуу. Белгилүү манасчылардан Сагымбайдын аткаруу манерасы, речитативди келтирген
кырааты салмактуу келип, эмоциялык толкундарды бир кылка кармап, угуучуларга күчтүу таасир калтырган. Молдобасан негизинен «Семетейди» көп аткарып, речитативин мукам кайрыктар менен боёп, обондуу ырга жакындатып аткарган. Саякбай манасчы музыкалык байлыкты төгүп бергени, ар бир сөздү абдан кырааттап, айтылып жаткан окуяга, андагы каармандын эмоциялык абалына жараша обон созгондугу, речитативинин (сабатмалуу) обондору сезимдик ыргактарга байлыгы жагынан өзгөчө орунда турат. Кийинки манасчылардан Каба Атабек уулу менен Шаабай Азиз уулу «Манас» айтканда аткарган музыкалык кыраатынын өзгөчөлүгү менен айырмаланган. Бири ыргакты кенен алып, ритмди керип таштап айтса, экинчиси ыргактагы айрым үндөргө, өзгөчө акыркы муунга басым коюп, улам барган сайын добушту бийиктете чаңкап айтат. «Боз салкын» элдик ыр-бий ансамбли «Манастан» үзүндүнү негизинен илгерки урма аспаптарды колдонуп, музыкалык коштоо менен көркөмдөп аткарат.
Эпос «Айчүрөк», «Манас» операларына адабий негиз болгон. М. Раухвергер менен А. Куттубаев «Манас менен Алмамбет» спектаклине музыка (1944) жазышкан. Эпостун негизинде жазылган Ж. Садыковдун үч драмасына («Манастынуулу Семетей», 1983; «Сейтек», 1987; «Айкөл Манас», 1990) композитор К. Молдобасанов музыка жазган. Кыргыз музыкасында «Манас» эпосунун речитативи, обон-ыргактары булак катары пайдаланылган чыгармалар да бир топ. Радионун музыкалык фондуна жазылып алынган «Манас» күүлөр («Алмамбеттин арманы», «Алмамбеттин жомогу», «Семетей күү», «Каныкейдин арманы», «Жол талаш» ж. б.) буга далил. В. Власовдун «Кыргыз увертюрасы» (1936), В. Ференин «Кыргызстан» аттуу симфониясы (1974), М. Бегалиевдин «Бала кез кайрыктары» симфониялык сүрөттөмөсү, «Майрам шаңы» увертюрасы (1985), А. Жээнбаевдин «Чоң кербез» фортепьянолук күүсү (1970) ж. б. чыгармаларда эпостун обон-ыргактары кеңири пайдаланылган. «Манас» эпосун идеялык-көркөмдүк булак катары жана андагы обон-кайрыктарды же накта үзүндүлөрдү партитурасына камтыган чыгармалар да жаралды: К. Молдобасановдун «Манастын кошууну» симфониялык сүрөттөмөсү (1978), М. Бегалиевдин «Манас» симфониясы (1990), Б. Н. Глуховдун «Бабам Манас жөнүндө баллада» хор үчүн поэмасы ж. б. Кыргыз музыкасын изилдөөчү Б. Алагушов «Манас музыкада» деген деген китебин жазды. Т. Саламатов.