«МАНАС» (3 томдук басылышы): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
«МАНАС» - С. Орозбаковдун варианты боюнча «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн «Манас» эпосунун 3 китеби (М., 1984, 1988, 1990). 1-китепте Манас баатырдын төрөлүшү, балалык чагы, өспүрүм кезиндеги алгачкы эрдиктеринен баштап кыргыз урууларынын башчылыгына - кан шайлаганга чейинки окуялар; 2-китепте Манастын турмушу жана эрдиктери, чачылып кеткен

кыргыз урууларын бириктириши, ата журтун душмандардан коргогон күрөштөрү, Алмамбет баатыр менен эмчектеш тууган болушу, Атемирдин кызы Каныкейге үйлөнүшү камтылса; 3- китепте кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты кеңири чагылдырылган, «Көкөтөйдүн ашы» эпизоду камтылган. Китептер кыргызча тексттерден, алардын орусча котормолорунан жана комментарийлерден турат. Орусчага СССР ИАнын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева, Н. В. Кидайш-Покровская которгон. Басууга КР УИАнын Тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы С. Мусаев, Б. М. Юнусалиев, К. Кырбашев, Ж. Мусаева, Р. Сарыпбеков, 0. Сооронов, А. Жайнакова, С. Бегалиевдер даярдаган.