МАНАП БИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска

МАНАП БИЙ Дөөлөс уулу (туулган жылы белгисиз - 1619- 25-жылы аралыгы) - Түндүк Кыргызстандын улугу; өз за­манынын саясий ишмери. Кыргыз-казактын ханы Эр Эшим менен бирдикте эки элдин ынты­магы үчүн күрөшкөн. Эшим хан М. б-ге түмөндө­гөн (20-30 миң) жоокер берип, кыргыз-казак­тардын Иле д. тараптагы чек арасын калмак баскынчыларынан коргоо милдетин тапшырган. М. б-ге Кыргызстандын түндүгүндө, Чыгыш Түркстан­да жана Казакстандын Алматы, Жамбыл айма­гында жашаган кыргыздар баш ийип, аны чоң бий (хан) катары тааныган. Тарыхый маалы­маттар боюнча М. б-дин ордосу азыр Орто-Токой суу сактагычы турган орунда жайгашкан. Ордо жүздөн ашуун боз үйдөн туруп, башкы өр­гөөсүндө атасы Дөөлөс баатырдан­калган көк асаба желбиреп турган. Ордо кызматкерлерин, жоокерлерин кармоо үчүн ар бир уруу белгилүү өлчөмдө салык төлөп, ордого келүүчү жол­дорго тозот коюлган. М. б. калмактар менен бол-

Манап бийге тургузулган эстелик. Токмок ш. 2009.

гон чоң салгылаштардын биринде курман бол­гон. М. б-дин Жарбаң жана Сүтөй аттуу уулда­рынан Үчүке, Түлкү, алардан тараган Тынай бий, Маматкул бий, Болот, Эсенгул, Ниязбек, Абайылда, Атаке баатыр, Ормон хан, Жан­тай хан, Шабдан баатыр ж. б. урпактары Түндүк Кыргызстанды бийлеп келишкен. Токмок шаарында М. б-ге эстелик тургузулган.

Ө. Осмонов.