МАМЫРОВ Аманкан: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАМЫРОВ Аманкан (1944-жылы туулган, Жалал-Абад обл., Токтогул району, Кетмен-Төбө айылы) - дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1980). Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. Эмгек жолун 1964-жылдан Токтогул районундагы «Кетмен-Төбө» колхозунда катардагы колхозчудан баштаган, кийин 1983-жылы чейин жүгөрү өстүрүү звеносунун башчысы, 1983-87-жылы «Кетмен-Төбө» совхозунда парткомдун секретары, 1987- жылдан талаачылык бригадасында бригадир. 1975- 80-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Онунчу беш жылдыкта мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.