МАМЛЕКЕТТИК ЧЫККЫНЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАМЛЕКЕТТИК ЧЫККЫНЧЫЛЫК - мамлекеттин сырткы коопсуздугу, конституциялык түзүлүшү, эгемендүүлүгү, коргонуу жөндөмдүүлүгү ж. б. каршы кылмыш. Кыргызстанда М. ч. кылмыш курамынын түздөн-түз объектиси болуп КРдин тышкы коопсуздугу эсептелинет; негизинен андагы мамлекеттик жашыруун сырларды ачуу (к. Мамлекеттик сыр), таркатуу өтө оор кылмышка кирет. М. ч-тын объективдүү жагы төмөндөгү белгилерден турат: 1) мамлекеттик жашыруун сырларды ачып берүү; 2) КРдин тышкы коопсуздугуна зыян келтирген кастык иш жасоо. Эгерде зыян такталбаса, анда М. ч-ка даярдануу же болбосо далалат кылуу деп квалификацияланышы керек. М. ч-тын субъектиси болуп КРдин акыл-эси соо, 16 жашка толгон жараны табылат.
Ад.: Шумилов А. Ю. Преступления против основ конституционного строя и безопасности государства. М., 2001.