МАМАРАСУЛОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАМАРАСУЛОВ Сабиткул (20. 1. 1911, азыркы

Жалал-Абад обл., Сузак району, Сузак кыш. - 25. 5. 1975, ошол эле жер) - пахтакер, а. ч. өндүрүшүн уюштуруучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1930-жылы Сузак районундагы В. И. Ленин атындагы колхоздо катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1933- жылдан колхоздо бригадир, 1937-жылдан пахта өстүрүүчү бригаданын звено башчысы. 1946-жылы ал башкарган звено 5 га жердеги пахтанын ар гектарынан 84 цден, 1947-жылы 4,76 га жерден 90,2 цден түшүм жыйнап алган. 1948-59-жылы Ленин атындагы колхоздун төрагасы. Төрт Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.