МАКРОЭВОЛЮЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАКРОЭВОЛЮЦИЯ (макро... жана эволюция) - түрдөн жогорку рангдагы таксондордун (уруу, тукум, түркүм, класс ж. б.) калыптанышына түрткү берүүчү эволюциялык кайра жаралуу. «М.» тер­минин орус окумуштуусу Ф. А. Филипченко киргизген (1927). Ага удаа эле кээ бир окумуш­туулар М. сапаты боюнча өзгөчө процесс деп эсеп­тешкен. Бирок көпчүлүк заманбап эволюцио­нисттер Мененын атайын механизми жок, микро­эволюция процесстеринин натыйжасында гана болот деп тушүндүрүшөт. Микроэвол. процесстер чогулуп, сыртынан М-лык кубулушка ээ болот. М. узак тарыхый эволюциялык өзгөрүүлөрдүн жалпы­ланган сүрөттөлүшү болуп эсептелет. Ошондук­тан органикалык дүйнөнүн эволюциясынын тенденция­сы, багыты жана закон ченемдүүлуктөрү М-да гана байкалып, микроэволюциялык деңгээлде бай­калбайт.

Ад.: Иорданский Н. Н. Макроэволюция: Системная теория. М„ 1994.