МАКРОСПОРИОЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАКРОСПОРИОЗ - өсүмдүктүн кеңири таралган илдети, Масгозрогшт уруусундагы козу карын пайда кылат. Илдетке чалдыккан өсүмдүккө ар кандай өлчөмдө, формада жана түстө так түшүп, ал жердеги клетка өлөт. Өсүмдүктүн илдетке чалдыккан тканына кара кебер (өңөр) түшөт. Айрыкча картошка жана томат М-у (илдет козгогучу Масгозрогшт зо!аш), жүзүм М-у (М. ҮШз), гозо М-у (М. т£г1.сап1шт) өтө зыяндуу. Илдет козгогучтар конидия түрүндө тарап, өсүмдүк калдыктарында кыштайт. Илдет күчөп кетсе, өсүмдүк куурап калат. Каршы күрөшүү чаралары: туура которуштуруп айдоо; илдетке туруктуу өсүмдүк сортторун эгүү; өсүмдүк калдыктарын жок кылуу; терең коңтормо айдоо; өсүмдүккө фунгицид чачуу ж. б.