МАКРОМОЛЕКУЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАКРОМОЛЕКУЛА — көп сандаган атомдордун бири-бири менен негизги валенттүүлүктөрү аркы­луу байланышкан жыйындысы, башкача айтканда бир ири молекула же полимерлердин молекуласы. М-дан турган заттар ири молекулалуу бирикмелер деп аталат. М-лардын молекулалык массасы бир нече миң­ден бир нече млнго, айрым бир жаратылышта кездешүүчү М-лардыкы млрдга (кээ бир ДНК менен РНКлардыкы) жетет. М-лардын структура­сы окшош же ар башка мономерлердин звено­лорунун кайталанышынан түзүлөт. Эгерде алар­дын структурасы окшош мономерлерден турса, гомополимерлер, ар башка мономерлерден тур­са сополимерлер деп аталат. Сополимерлердин молекуласында жөнөкөй звенолор бири-бири менен кезектешип жайгашышат. Сополимерге бутадиенстирол каучугу мисал боло алат. Ар

башка молекулалык массалуу М-лар жүздөгөн жана миң­деген бирдей жөнөкөй звенолордон тургандык­тан, алардын физикалык жана химиялык касиеттери окшош болот.