МАК-МАГОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАК-МАГОН, Мари Эдме Патрис М о р и с [13. 7. 1808, Франция, Сюлли (Сона и Луара департаменти) - 17. 10. 1893, Франция, Луаре] - фр. аскер, мамлекеттик жана саясий ишмер, Франциянын 3-президенти (1873-79). Сенатор (1856- 70), Франция маршалы (1859), дивизия генералы (1852). 1873-79-ж. Франция Респ-нын президенти (Луи Адоль Тьерден кийин). 1827-жылы Сен-Сир аскер окуу жайын бүтүп, 1830-жылдары Алжирде аскердик карьерасын баштаган. Крым согушунун (1853-56) жүрүшүндө М.-М. жетектеген дивизия Малахов дөбөсүнө чабуул жасап, Севастополь ш-н алган. 1857-жылдан Алжирдеги аскер күчтөрүнүн командачысы. Австрия-Италия-Франция согушунда (1859) Маженттин алдындагы салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн герцог титулун жана маршал наамын алган. 1864-70-ж. Алжирдин генерал-
губернатору. Франция-Прус-

сия согушунда (1870-71) М.-М. жетектеген армия Седан алдындагы салгылашта талкаланып, М.-М. туткунга түшкөн. Франкфурт тынчтыгынан (1871) кийин бошотулган, Версаль армиясынын командачысы болуп дайындалып, Париж коммунасын (1871) баскан. Монархиялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө аракеттенген.