МАКЕГ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАКЕГ (фр. maquette) - 1) китепти көркөм кооз­доо техникасында сүрөтчү-жасалгалоочунун идеясын толук чагылдырган китептин, журнал­дын алдын-ала жасалган үлгүсү. Ал басма жана басмакана үчүн модель болуп кызмат кылат. Бо­лочок китептин сырткы бетин, мукабасын, ти­тулдук баракчасын М. толугу менен кайталайт. Китеп басуунун компьютердик технологиясы­на ылайык, азыр форматы, ариби,

вёрсткаланы­шы, мукабасынын сырты, болочок китептин нускасынан дал өзүндөй даярдалып, электрон­дук версиясы менен бирге басмаканага тапшыры­лат; 2) театр жасалгалоо техникасында 1\20,1\25 масштабында спектаклдин жасалгалык чечи­мине ылайык - жасалга эмерек, кырдаалды түзгөн, катышуучулардын фигураларын толук чагылдырган модель. М-тин спектаклди даяр­доо процессинде да чоң мааниси бар, себеби сах­налык мейкиндик композициясын, мизансцена­лардын пландаштырылышын ачык-айкын көрсөтөт, анда бир топ практикалык, өндүрүштүк маселелерди чечет.