МАКАРЕНКО Антон Семёнович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАКАРЕНКО Антон Семёнович [1 (13). 3. 1888, азыркы Украина, Сумы обл., Белополье - 1. 4. 1939, Морква] - педагог, жазуучу. Кременчуг ш-дык окуу жайын жана педагогикалык курсту (1905), Пол­тава мугалимдер институтун бүткөн (1917). Харьков­догу Ф. Э. Дзержинский атындагы балдар эмгек коло-

ниясына жетекчилик кыл­ган (1920-30). Совет доорун­да М. коммунисттик тар­биянын теориясына жана практикасына чоң салым кошкон. Өзүнүн педагогикалык таж­рыйбасын жана көз караш­тарын «Ата-энелер китеби» (1937) деген эмгегинде, түрдүү илимий-публицистикалык макалала­рында, мисалы, «Педагогика­лык поэма», «Мунарадагы желектер» деген көркөм чыгармаларында баяндап жазган. Мененун методикасында таалим-тарбия мекемесинин же­текчисинин чечүүчү ролу, тарбиячылар араке­тинин биримдиги үчүн жоопкерчилиги айкын белгиленген. М. ар бир адамдын калыптаны­шына көңүл бурууну, коллектив аркылуу жана тикеден-тике педагогдун өзү тарбиялык таасир этүүсүн баса көрсөткөн. 1958-жылы Өзбекстанда М. медалы чыгарылып, аны менен өзгөчө айыр­маланган мугалимдер жана эл агартуу кызмат­керлери сыйланган. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.