МАКАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАКАЛ - фольклордук жанр; адамдардын узак мезгилдерден берки философиялык ой корутундуларын жыйынтыктап, алардын турмуштук тажрый­баларынан алынган, ыргактык жактан чың уюшулуп, осуятчыл маанайда айтылган элдик поэтикалык чыгарма (мисалы, «Жер байлыгы - эл байлыгы» ж. б.). «Адам оюнун, акыл-эси­нин энциклопедиясы» болгон М. дээрлик дүй­нөнүн бардык элине таандык болуп саналат, а түгүл айрым М-дардын мааниси окшош ке­лет. М. поэтикалык башка чыгармалардан жал­пыланган образдуу ойго, баамчылдыкка, ой ко­рутундусуна, каймана мааниге каныккандыгы

менен айырмаланат (мисалы, «Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок» (вьетнам), «Желпи­гич саткыч колу менен желпинет» (кытай), «Боёкчунун шымы боёлбойт» (япон), «Карапа­чынын үйүндө бүтүн идиш жок» (афган), «Ка­йышчынын камчысы жок» (адыгей), «Өтүкчүнүн өтүгү жок» (орус), «Устанын тогоосу жок» (кыр­гыз). Ошондуктан М. көп маанилүү келип, кон­текстке багынычтуу болот. М. жазма пайда бол­гонго чейин элдик философиянын элементи ка­тары узак мезгилде калыптанып, урпактан ур­пакка оозеки мурас болуп келген; жазма пайда болуп, маданияттын илгерилеши менен элдик башка оозеки чыгармалардай эле Макал-ылакаптар чогултулуп, өз-өзүнчө жыйнак болуп чыкты, изилдөө иштери жүргүзүлдү. М. фольклордук тексттерде жана бардык эле акын-жазуучулардын чыгармаларында кеңири учурайт жана адам тур­мушунун бүткүл көрүнүштөрүн өзүнө тема кы­лып алат, к. Ылакап.

Ад.: ПотебняА. А. Из лекции по теории словесности. Басня. Пословица. Поговорка. Хар., 1914; Керимжа­нова Б. Кыргыздын макалдары менен ылакаптары. Ф., 1948; Далъ Р. И. Пословицы русского народа (4-е изд.). М., 1957; Пермяков Г. Л. От поговорки до сказки. М., 1970; Закиров С. Кыргыз элинин макал­ылакаптары. Ф., 1973.