МАЙМЕКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАЙМЕКОВ Зарлык Капарович (12. 10. 1955-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл району, Бостери айылы) - инженер-химик, техника илимдеринин доктору (1995), проф. (1996), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (2007). КМУну (1977), СССР ИАнын аспирантурасын (Москва, 1984) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес жана физикалык химия институтунда (1977-79), Москвада СССР ИАнын Жалпы жана органикалык эмес химия институтунда илимий кызматкер (1979-81) жана Кыргыз ССР ИАда улук илимий кызматкер (1985-90), лабор. башчысы (1990-2001), 2001-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас»
университетинде проф., 2002-05-ж. инженердик факультеттин деканы, ошондой эле учурда 2001-жылдан экол. инженерия бөлүмүнүн башчысы. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 3 монография, 1 окуу китеп, 4 ойлоп табуунун (патент) автору жана 14 илимий эмгеги ө. ж. ишканаларына пайдаланууга берилген.
Эмг.: Массообмен между каплями жидкости и газом в процессах абсорбции и испарения. Б., 1993; Экологическое образование и воспитание - в поисках будущего. Б., 1993; Жалпы жана органикалык эмес химия боюнча тажрыйбалар. Б., 2009.