МАЙЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАЙЛАР - бир негиздүү ири молекулалык май кислоталары менен глицериндин татаал эфирлери. Жалпы формуласы:
СН2- О - СО - В, I
СН- 0 - СО - В', I
СН2 - О - СО - В",
В, В', В" - май кислоталарынын радикалдары. М. липиддерге кирип, углевод, белок менен катар өсүмдүк, жаныбар клеткаларынын жана микроорганизмдердин бирден бир компонентин түзөт. М-дын курамында үч түрдүү кислоталык радикал болот. Көбүнчө стеарин, пальмитин, олеин ж. б. кислоталар кездешет. М. сууда эрибейт. Спирттен башка органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Минералдык кислоталар, щёлочтор, ысытылган буу менен иштеткенде М. гидролизденип, глицерин жана май
кислоталарын же алардын туздарын пайда кылат. М. суу менен эмульсияга айланат (мисалы, сүт). Табигый майдын курамында мындан башка ар кандай май кислоталары, ошондой эле эркин түрүндө ар кандай аралашмалар да болот, глицериддер, фосфаттар, витаминдер бар. ТЗООдөн ашуун М. белгилүү. Табигый М. жаныбар жана өсүмдүк майы болуп бөлүнөт. Алар курамы жана физикалык, химиялык касиеттери менен айырмаланып, негизинен катуу жана суюк абалында болот. Мал М-ы жаныбарлардын май ткандарынан алынып, каныккан же каныкпаган май кислоталарынын триглицериддеринин аралашмасынан турат. Каныккан май кислоталары көбүрөөк болгондуктан, мал М-ы катуу жана эрүү температурасы жогору болот. Алардын курамы ар кандай аралашмадан тургандыктан, туруктуу балкып эрүү температурасы жок. М. суу буусун таасир кылуудан кислоталарга жана глицеринге ажырайт. Бул реакцияны щёлочтун катышуусу менен жүргүзсө, ылдамдыгы жогорулайт. Ө. ж-да самынды алууда колдонулат. Гидрлөө реакциясынын жардамы менен майды суюк абалынан катуу абалга айлантса болот. Табигый М-ды абада ачык сактаганда окистенет. М. белоктор жана углеводдор сыяктуу эле бардык жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн клеткаларынын курамында болот. Клеткадагы негизги биол. жана химиялык процесстердин жүрүшү М. менен түздөн түз байланыштуу. Организмде М. - күч-кубаттын негизги булагы. М. адамдын жана жаныбарлардын организминде түрдүү өлчөмдө болуп, энергиялык мааниси чоң. 1 кг май окистенгенде 9,3 ккал энергия бөлүнүп чыгат. М. денедеги жылуулукту бир калыпта кармап турат. Курамында организм үчүн эң керектүү болгон биол. заттар, фосфолипиддер, стеариндер жана А, Д, Е витаминдери ж. б. бар.
Ад.: Химия жиров. 3-е изд. М., 1992.