МАЙ БОЁК ЖИВОПИСИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАЙ БОЁК ЖИВОПИСИ - живопистин байланыштыргыч зат катары өсүмдүк майын колдонгон түрү. М. б. ж. 15-к-дын башында ага-ини ван Эйктер иштеп чыккан. Тондорунун ургаалдуулугунун, түстөрдүн ийкемдүүлүгүнүн натыйжасында дүйнө көрүнүшүнүн сүрөттөлүшүн түзүүдө өтө бай мүмкунчүлүктөргө ээ. Анын боёк катмары жука жана паста сымал, тунук жана калын, жалтырак жана бозомтук, ачык жана түсү боюнча эң кочкул боло алат. Көп катмарлуу живопись менен бирдикте бул техникада тез тартылуучу живопись да аткарылат. Желим боёктору, айрыкча гуаштан айырмаланып, май боёктордун түстөрү кургагандан кийин да өзгөрбөйт. Ийкемдүүлүк, ар кандай мүмкүнчүлүктөргө бай материалдык эпке келгичтиги жана боёк катмарынын чыдамдуулугу М. б. Ж-нин негизги артыкчылыктарына кирет. Мезгилдин өтүшү менен карарып же саргарып кетиши, узак иштегенде технол. талаптардын татаалданышы анын кемчилиги болуп саналат. М. б. ж. 14-к-дан баштап сүрөтчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү колдонгон техникалык ыкма.
Ад.: Ваннер Атап Айтканда Материалы масляной живописи. М., 2000; Яиплик Д. И. Техника живописи. М., 2008.