МАЗМУН ЖАНА ФОРМА (адабият): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАЗМУН ЖАНА ФОРМА көркөм адабиятта. Ар кандай көркөм чыгарманын өз мазмуну жана формасы болот. Белинскийдин сөзү менен айтканда «... форманы мазмундан ажыратуу мазмунду жок кылганга барабар же, тескерисинче, мазмунду формадан ажыратып кароо форманы жок кылганга тете». Чыгарманын мазмуну коомдук турмуштун ар кандай жактарын, адамдардын өз ара мамилелерин көрсөтөт. Мазмунду түзүп турган негизги элементтер — тема жана идея. Мазмун өзүнө ылайык келген форманы тандайт. Форма - мазмунду ачып берүүнүн каражаты. Анын негизги элементтери: сюжет, композиция, стилъ. Мазмун жетектөөчү ролго ээ болот да, өзүнө ылайык форманы талап кылат, бирок муну менен форманын маанисин төмөндөтүп коюуга болбойт. Көркөм чыгарманын мазмуну сюжеттин курамындагы окуяларда, ар кандай кырдаалдарда, каармандардын жүрүм-турумунда, аракеттеринде же алардын күрөштөрүндө түзүлөт. Адабиятта сөз кудурети менен ар кандай турмушту терен жана көп тараптуу берүүгө болот, мында мазмунду берүүдө адам мүнөзү чечүүчү күчкө ээ. Ошол мазмунду көркөм мүнөздөрсүз ачып берүү тарых чынын же философтун милдети, жазуучу сөзсүз түрдө турмушту көркөм образ аркылуу чагылдырууга тийиш. Форма - мазмунду берүүнүн ыгы, сырткы кийими, кейпи, бир бүтүн түшүнүктү билдирип турган мазмундун курулушу, мазмундун көрүнүшү. Демек, көркөм адабияттагы форма - бул мазмунду ачып берүүгө багытталган, жанрдык-композициялык, лексикалык-стилистикалык, басымдык-ыргактык көркөм каражаттардын баарынын өз ара байланышынын жыйындысы.