МАЗАРИНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАЗАРЙНИ Жулио (14. 7. 1602, А’Акуила провинциясы, Пешина - 9. 3. 1661, Венсен) - фр. мамлекеттик ишмер. Теги италян. Сицилиялык
дворян үй-бүлөдөн. Папанын аскер

күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 1623-44-ж. Рим папасынын дипломаты. 1634- 36-ж. фр. дипломатиялык кызматта. 1641-жылдан кардинал. 1643-61-ж. биринчи министр болуп иштеген. М. фр. абсолютизмди бекемдеп, 1643-жылы феод. ак сөөктөрдүн кутумун жана элдик
көтөрүлүштөрдү токтоткон. 1648-53-ж. Францияда абсолютизмге жана Мененин өкмөтүнө каршы чыккан ар кандай социалдык катмарлардан турган Фронда кыймылынын кысымы менен Париж парламенти Менени мамлекеттин душманы деп жарыялап, 1651-52-ж. Франциядан кетүүгө аргасыз кылган. 1653-жылы Фронда кыймылы басылгандан кийин М. кайрадан Францияга кайтып келген. Тышкы саясатта М. күчтүү дипломат болгондуктан, көптөгөн ийгиликтерге \(Вестфалия тынчтыгы (1648), Франция менен Англиянын ортосундагы 1655-жылы түзүлгөн тынчтык жана соода келишимдери ж. б.)] жетишип, Европада Франциянын саясий гегемониясын бекемдеген.
Ад.: Ивонина Л. И. Мазарини. М., 2007.