«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ», «Т а р ы х т а р ж ы й н а­г ы» — 1495-жылы фарсы тилинде жазылган Сайф ад-Дин Аксыкентинин чыгармасы. Автор бул эмгекти жазып бүтө электе каза болуп, аны уулу Нур-Мухаммед (Норуз-Мухаммед) аягына чыгар­ган. Азыркы учурда «М. а. т-тин» үч көчүрмөсү белгилүү. Биринчиси Ленинград (азыркы Санкт­Петербург) мамлекеттик университетинин китепканасынан та­былган жана А. Т. Тагиржанов тарабынан изил­денип, жарык көргөн (1959); экинчиси Наман­ган уездинин Ширкент кыш-нда жашаган Жаг­ды кожо деген кишиде болгон. Аны В. Каллаур таап, алгач ага 1899-жылы 11-марттагы Орус ар­хеол. коомунун жыйынында В. Бартолъд

мүнөз­дөмө берген. Тышкы белгилери жана жазуу ык­масына карап, аны 18-к-дын аягы-19-к-дын башында көчүрүлгөн деп болжолдоого болот. Кийинчерээк окумуштуу В. А. Ромодин изилде­ген, азыр Россия ИАнын Азия элдери институтунда сакталып турат; 3-көчүрмөсүн Ала-Бука р-нун­дагы Баймак айылынын тургуну Н. Жайлоо­баев Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фон­дусуна тапшырган (1968). «М. а. т-те» Фергана жана Тянь-Шанда жашаган кыргыздар менен кып­чактарга тиешелүү уламыштар, «Манас» эпосу­нан бир нече эпизоддор айтылат. Ошондой эле бул эм­гекте 12-к-да же 1127-жылы кыргыздар оң канат (Лур-хан), сол канатка (Лур-бузург) бөлүнүп, түпкү атасы Аналхак болгону, андан Ак уулга чейин 15 ата, Куу уулга чейин 20 ата өткөнү тууралуу кабар берет. Ак уулдун эки уулу - Отуз уул жана Булгачы [Салус-бек Бул(а)гачы] оң ка­нат аталып, отуз уулдан адигине, муңгуш (мунг­куш), карабагыш, тагай, булгачыдан бостон, тейит, жоо кесек, дөөлөс, кыдырша (Хыдыр­шах), каңды; сол канатка саруу, кушчу (лалым кушчу), мундуз (ай баш мундуз), басыз, чоң ба­гыш, кытай (сунжек хытай) уруулары кирип, кезегинде ал уруулардын да генеалогиясы бе­рилген.