МАДЫ ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАДЫ ШААР КАЛДЫГЫ - 9-13-к-на таандык археол. эстелик. Ош ш-нан 15 км чыгыш та­рапта, азыркы Мады кыш-нын аймагында. Аянты 3 га. 10-к-дагы араб географтарынын эм­гектеринде Медва деген аталышта эскерилет. М. ш. к-н В. В. Бартпольд да о. кылымдагы Медва ш-на окшоштурат. М. ш. к-нын түштүк- батыш бурчунда чеп (азыркы бийиктиги 12 м) сакталып калган; ичинде турак жай жана чарба курулуштары болуп, айланта дубал менен кур­чалган. М. ш. к-нын алгачкы маданий катма­ры Шоро-Башат маданиятына (биздин заманга чейинки 4-1-к.), акыр­кы катмарлары 13-18-к-га таандык. 1941-жылы А. Н. Бернштам, 1956-, 1982-, 1984-жылдары Ю. А. Заднепровский казып изилдеген.