МАДЫЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАДЫЛ (ЕеПв шапи!) — мышыктар уруусунда­гы сүт эмүүчү. Дене узундугу 50 смге, куйругу 21- 31 смге жакын. Кулагы тегерегирээк, буттары кыска, жүнү жумшак, узун, саргыч-боз, жону­нун арт жагында жана куйругунда туурасынан кеткен кара жолдору бар. Кичи, Алдынкы, Түштүк жана Бор. Азияда, КМШ өлкөлөрүндө - Казак­стандын түштүгүндө, Алтайда, Тувада кездешет. Кыргызстанда өткөн кылымда Ысык-Көл, Чүй, Та­лас, Теңир-Тоодо жана бийик сырттарда (Үзөңгү­Кууш, Сары-Жаз, Ак-Шыйрак ж. б. жерлерде) көп таралган, азыр өтө сейрек. М. токойсуз тоо бетиндеги шагыл таштарды, аска жаракаларын жана талаа, чөлдөрдү мекендейт. Суурдун ийи­нинде жашап, суурга коюлган капканга түшкөн учурлары болгон. Кемирүүчүлөр менен азыктанат, түнкүсүн активдүү. Саны өтө азайып кеткендик­тен, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.