МАДУМАРОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАДУМАРОВ Адахан Кимсанбаевич (9. 3. 1965-

жылы туулган, Ош обл., Өзгөн району, Куршап айылы) - мамлекеттик жана саясий ишмер. Тверь (Россия) мамлекеттик университетин (1992), КМУну (1999) бүтүргөн. 1992- 94-ж. КРдин басма сөз жана маалымат министрлигинде референт, «Түрк ааламы» гезитинин башкы редактору, КР Мамлекеттик улуттук телерадиокомпаниясында балдар жана жаштар телепрограммасынын редактору, башкы редактордун орун басары, башкы редактору, 1994-95-ж. саясий баяндамачы, 2005-жылы КРдин вице-премьер министри, 2006-07-ж. КРдин мамлекеттик катчысы, 2007-08-ж. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы, 2008-09-ж. КРдин Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеген. КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2000; 2000-05; 2005-06; 2007-08). «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчиси (2010). КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын алтын медалы менен сыйланган.