МАДЗИНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАДЗЙНИ Жузеппе (22. 6. 1805, Генуя - 10. 3. 1872, Пиза) - итал. революционер, итал. улуттук-бошт. кыймылынын жол башчыларынан, Рисоржиментонун катышуучусу, европалык жана италиялык радикал-демокр. кыймылдын идеологу. Генуя университетинен укук боюнча билим алган. 1827-жылдан карбонарийлердин (Түштүк Италиядагы жашыруун саясий коом) мүчөсү. Италияны австриялык эзүүдөн куткарып, эркиндикке чыгарууга жана бириктирүүгө бүт өмүрүн арнаган. 1830-жылы камалып, андан соң Генуядан куулган жана чет өлкөдө (Франция, Швейцария, Улуу Британия) жашаган 1831-жылы Марселде «Жаш Италия» патриоттук жашыруун уюмун уюштуруп, бирдиктүү Италия мамлекетин түзүүнүн саясий программасын иштеп чыккан. 1849-жылы март-июлда Рим респ-нын премьер-министри катары башкарып, бир катар реформа жүргүзгөн. 1850-жылдардын ортосунда «Аракет партиясын» түзгөн. Ал партия 1860-жылы Сицилияга Ж. Гарибальдинин экспедициясын уюштурган. 1860- жылдары М. өлкөнү бириктирүү күрөшүнө жумушчуларды тартуу үчүн аракеттенип, утопиялык идеяларды тараткан. Генуя, Неапол, Пизада Мененин идеялык мурастарын жана
мадзинизмди идеялык-саясий агым катары изилдеген бир нече борборлор, институттар бар.