МАГНОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАГНОН - магниттик иреттүү чөйрөдөгү спин­дердин бурулуш толкунуна туура келуүчү ква­зибөлүкчө (к. Спин толкундары). М. заттын жылуулук, жогорку жыштыктуу талаа ж. б. касиеттеринде байкалат. Температурасы Т=0К чөй­рөдө М. болбойт, температуранын жогорулашы менен М-дун саны өсөт. М. санынын өсүшү магнит иреттүүлүгүнүн азайышына алып келет. Темп­ранын жогорулашы менен М. саны өскөндүктөн, ферромагнетиктердин магниттелиши азаят. Нейтрондордун жана жарыктын чачырашы М-дун пайда болушу менен коштолот. Узун толкундуу М-ду өтө жогорку жыштыктагы талаа аркылуу дүүлүктүрүүгө болот. Нейтрондордун серпил­гичтүү эмес чачырашы М-дун дисперсия зако­нун экспериментте аныктоонун өтө маанилүү ыкмаларынын бири болуп эсептелет.