МАГНОЛИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАГНОЛИЯ (Ма^поИа) - магнолиялар туку­мундагы жалбырагы күбүлмө дайыма жашыл

өсүмдүктөр уруу­су. Жалбырагы жөнөкөй, чоң, сүй­рү. Гүлү жалгыз­дан, кош жыныс­туу, өңү ак, сар­гыч, күлгүн кы­зыл, кочкул кы­зыл, жыттуу. Мө­мөсү - тобурчак сымал топ жалбыракча. Уругу сүйрү, кара. Мененын 80дей түрү белгилүү. Чыгыш Азия, Америка, Вест-Индияда өсөт, ошондой эле. Кара деңиздин жээги, Кавказ, О. Азияда өстүрүлөт. Чоң гүлдүү М. (М. £гапаШога Ь.) - дайыма жа­шыл дарак. Бийиктиги 30 мге жетет, сөңгөгү түз, шактуу. Жалбырагы чоң (узундугу 25 см, жазылыгы 12 см), калың, жылмакай. Гүлү өтө чоң (диа­метри 30 сладей), ак, жыттуу. Майдан сентябрга чейин гүлдөйт. Бышканда мөмөсү ачылып, узун кызыл жипчеде уругу илинип (салаңдап) турат. М. кооздук үчүн жана коргоочу токой тилкесинде көп өстүрүлөт. Жалбырагы менен гүлүнөн эфир ма­йы алынат. Айрым түрүнүн жалбырагында 2% алкалоид болот, дары-дармек жасоодо колдо­нулат. Уругу менен бүчүрүнөн кыйыштырылып кө­бөйтүлөт.