МАГНИТ-ЭЛЕКТР ПРИБОРУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАГНИТ-ЭЛЕКТР ПРИБОРУ - туруктуу ток тизмегиндеги ток күчүн, чыңалууну же электр санын өлчөгүч. Анын иштеши өлчөгүч механизминин кыймылдуу бөлүгүнүн оромундагы электр тогу менен туруктуу магниттин магнит агымынын өз ара аракеттенишине негизделген. Ал аз энергия сарп кылып, так өлчөйт жана өтө сезгич келет. М.-э. п. амперметр, вольтметр, гальванометр, омметр ж. б. катары колдонулат. Өзгөрткүч түзүлүштөр (түзөткүч, инвентор) менен жабдылса, жогорку жана төмөнкү жыштыктагы өзгөрмө ток күчүн, чыңалуусун жана электр эмес чоңдуктарын да өлчөөгө болот. Шунттарды,
кошумча каршылыктарды пайдаланганда прибордун ченөө чеги кеңийт.